Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитти. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасынын жалпы суммасы 592 миллион 531миң сомду түздү.

-Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдарынын суммасы ­- 235 миллион 35 миӊ сом, мында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары үчүн зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды ишке ашыруу үчүн каражаттар камтылган;

-округдук шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын суммасы – 339 миллион 496 миӊ сом, алар төмөнкү жактагы шайлоо комиссиялары үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык бөлүштүрүлөт;

-Тышкы иштер министрлигинин чыгымдарынын суммасы — 18 миллион сом, шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктары министрлик тарабынан камсыздалаары эске алынды.

Ошол эле учурда, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын нормаларынын талаптарына ылайык, шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын аппартынын ишмердигин, төмөнкү жактагы шайлоо комиссияларынын ишмердигин камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан борборлоштурулган түрдө жүзөгө ашырылат:

-байланыш кызматтары (уюлдук байланыш);

— канцелярдык буюмдарды сатып алуу;

-интернет байланыш кызматтары (анын ичинде, автоматтык эсептөөчү урналар жана планшеттер үчүн);

-басылма продукцияларынын кызматтары (бюллетендерди, тесттик бюллетендерди даярдоо, шайлоочулар үчүн маалымат плакаттары, усулдук журналдар жана башка);

— ММКда билдирүүлөрдү жарыялоо боюнча кызматтар;

-шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таратуучу материалдарды жеткирүү боюнча кызматтар;

-жарандандын саламаттыгын коргоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук каражаттарын сатып алуу;

-шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишмердигин камсыздоо менен байланышкан дагы башка чыгымдар.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча төмөнкү жактагы шайлоо комиссиялары үчүн кийинки беренелер боюнча чыгымдардын сметасы даярдалган:

2111 «Айлык маяна»,

2121 «Социалдык фондго төлөө»,

2211 «Кызматтык иш сапарларга кеткен чыгымдар»,

2214 «Унаа чыгымдары» жана округдук шайлоо комиссияларынын отчётторун тапшыруу үчүн;

2215 «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу».

Маалымат иретинде:

Смета төмөн жактагы шайлоо комиссияларын ачууга, техникалык жабдууга жана иштешине зарыл болгон бардык чыгымдарды эске алуу менен эсептелет.