Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу «Кактус медиа» агенттиги күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянуу менен ​​жазды.

Сооронбай Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгына чакырылган.

Иш боюнча айыпталуучулар парламенттин мурдагы жана учурдагы депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Исхак Пирматов болушкан, экинчиси буга чейин өкүмүн алган — ал айыпка жыгылган. Бул ишке тиешеси бар дагы бир адам, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду. Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.

Парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков жана биринчи вице -премьер -министр Тайырбек Сарпашев камакта. Экс-премьер-министрлер Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаев кармалды. Жактоочулар камоону саясий куугунтук катары баалашууда.