Дүйшөмбүдө күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Ысык-Көл жергесинде +19…+24, Нарын, Талас өрөөндөрүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +27…+32 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +30…+32 градуска жогорулайт.