«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен «Кытай темир жолунун №3 инженердик корпорациясы» ЖЧКсы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бул документке “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Стратегиялык өнүгүү планын аткаруу, Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу максатында кол коюлган.

Жакын арада Кыргыз Республикасына аталган долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу боюнча кеңири талкуу жүргүзүшү максатында жогоруда аталган кытай компаниясынан делегация келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кыргыз темир жолунун темир жолду модернизациялоого шпалдарды сатып алуу боюнча үчүнчү жак катары саналган башка уюмдардын кызматынан көз карандылыгын азайтуу үчүн «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жеке өндүрүштүк базасында темир-бетон шпалдарын чыгаруучу завод куруу маселеси каралып жатат.

Заводдун курулуш маселелерин каржылоо инвесторлор менен кызматташуунун алкагында, ошондой эле КТЖнын жеке каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

Мындан тышкары, кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик каражаттарынын эсебинен 20 км рельс сатып алуу боюнча тендердик процедуралар өткөрүлүүдө.

100 жүк ташуучу вагон сатып алуу планын ишке ашыруу менен кыргыз темир жолунун вагондор паркын жаңыртууга жана чарбалык субъекттердин темир жол менен жүк ташуулардагы керектөөлөрүнүн өсүшүн камсыз кылууга өбөлгө болот. Эми 50 жүк вагону 2021 -жылдын аягына чейин, калган 50 жүк вагону болсо 2022 -жылдын экинчи кварталында сатылып алынмакчы.