Кыргызстандан аткезчилик жолу менен ташылып баратканы үчүн кылмыш иши козголгон алтын концентратын Кытайга алып чыгып кетишти. Бул тууралуу 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев билдирди.

Бердиевдин айтымында, 17 фурага жүктөлгөн контрабандалык алтын концентраты «Эркечтамда» кармалып турган болчу, аны “Достук” өткөрмө бекети аркылуу ташып кетишкени белгилүү болду:

“21-сентябрда лицензиясын жаңылады деп “Эркечтам” эмес “Достук” бажысы аркылуу кытайлар чыгарып кетиптир. Министрлердин, бажынын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Бажынын башчысы Самат Сатарович “Мен билбей калыпмын. Балдар чыгарып жибериптир. “Достуктан” чыгарып поездге жүктөп кетишиптир” деп айтты. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот”.

«Эркечтам» аркылуу аткезчилик жолу менен чыгарып кетүүгө аракет кылынган 17 фура алтын концентраты тууралуу депутат быйыл январь айында айтып чыккан жана Чоң-Алайдагы алтын кенинен казылып алынган чийки зат ар бир фурага төрт тоннадан жүктөлгөнүн билдирген.

Бажы кызматы жүк унаага жүктөлбөгөнүн, контейнерлер бажы көзөмөлүндө турганын, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын кабарлаган.