Бишкектин бир катар муниципалдык ишканаларында 1,1 миллиард сомдон ашуун дебитор карыз топтолуп кеткен.Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, муниципалитет жогорудагыдай абал аталган ишканалардын өз милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгынан жана зарыл болгон көзөмөлдүн жоктугунан улам түзүлгөндүгүн айтты.

Дебитордук карыздар эмнеге мындай суммага чыгып кеткендигин билүү үчүн мэрия «Тазалык», «Бишкек жарык», «Бишкек асфальтсервис», «Бишкектеги автоунаа токтоочу жайлар», Шаардык чарба департаменти жана «Бишкек жылуулук энерго» ишканаларына аудитор чакырып, текшертмей болду. Маалыматта мындай текшерүүлөр шаардагы башка кызматтарга да жүргүзүлөрү айтылды.