Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы аймактарда абал тынч. Укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Белгилүү болгондой, кечээ 23-сентябрда Көк-Таш айылында мектептен келе жаткан төрт окуучуну  тажик айылынын 11-классынын 30га жакын окуучусу ур-токмокко алган. Натыйжада  кыргызстандык 4 окуучу тең денесинен түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кыргыз окуучуларынын атасы жана туугандары балдарды сабаган  тажик окуучуларынын экөөсүн жана алардын ата-энесин ур-токмокко алган. Мындан улам эки тараптан 20-40 чакты тургун топтолгон.

Окуя катталгандан кийин Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун башчылары жана эки өлкөнүн укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, маселени жеринде карап, жыйынтыгында эки тарап өз аймактарында түшүндүрүү иштерин жана укук бузууга жол берген жарандарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу боюнча иш жүргүзүүнү макулдашты.