Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы 1-май айылынын тургуну Айсулуу Мойдунова лидер айымдардын бири. Жергиликтүү мектепте агартуу тармагында 19 жыл иштеп, акыркы 10 жылдан бери саясатта аралашып жүрөт. Алгач жергиликтүү кеңешке эки чакырылышында депутат болуп 6 жылдай иштесе, учурда Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы. “Эл эмгегин жер жебейт” дегендей Айсулуу айым кызматка келгенден бери элдин жашоосун жон териси менен сезип, кол куушуруп үйдө отуруп калган аялдарга жумуш ордун түзүп, элди жакырчылыктан чыгаруунун үстүндө иш жүргүзүп, аялдардын чакан ишкердик менен алек болуусуна шарт түзүп келет.

Айсулуу айымдын кесиби “тарыхчы”. Эмгек жолу өзү туулуп өскөн 1-май айылындагы Ажибек Юсупов атындагы орто мектепте мугалимдик кесиптен баштаган. 19 жылдык өмүрүн агартуу тармагына арнап, “Жылдын мыкты мугалимдин” кароо сынагынын жеңүүчүсү. Акыркы 10 жылдан бери саясатка аралашып кетишине аялдардын көйгөйү, жумушсуздук, миграция, кыйналган элдин жашоосу себеп болгон.

“Аялдардын түйшүгүн көрүп, депутат болдум”

Элет жеринде көпчүлүк аялдар жумушсуз, социалдык жардамга муктаж. Зордук-зомбулукка учураган, жакыр жашаган үй-бүлөлөр андан көп. Бул маселени мугалим катары Айсулуу айым көз алдынан өткөргөнү менен иштеген кесиби аны чечүүгө жол бермек эмес. Балким “жергиликтүү кеңешке депутат болсом элдин көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүп, жапа чеккен аялдарга көп пайдам тийип калаар” деген максатта шайлоого аттандым”,- дейт каарманыбыз.

Мугалимдик кесиптен алыстап, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешке алгачкы жолу депутаттыкка 2012-жылы аттандым. Элибиз колдоп берип, шайлоонун жыйынтыгында 31 депутат өтүп, анын ичинен экөөбүз эле айым болсок, калганы мырзалар. Кесиптештерим гендердик теңчиликти эске алышып мени төраганын орун басары кылып дайындашты. “Аялдардын түйшүгүн аял гана түшүнөт” дегендей депутат болгондон бери арыз-муңун айтып келген аялдардын аягы үзүлгөн жок. Бири жакырчылыктан кыйналса, дагы бир жетишпеген жашоодон азап чегип, жардамга муктаж. Кээ бири кызыл камчы жолдошунун запкысын тартып колдоого зар. Айта берсе көйгөй өтө көп. Бул маселенин баарын көрүп, кол куушуруп отура албадым. Көпчүлүк үй-бүлөдө жолдошунун тапканы менен жашап, бала-чакасын баккан аялдар түзөт эмеспи. Алардын башын бириктирип, алгач 15 аялга окуу тренингин өтө баштадым. Өзүңөргө маалым азыр эркектер иштеп, акча таап келгени менен ал эч нерсеге жеткире албайсың. Бардык жерде кымбатчылык. Ушундай абалда үйдө отурган аял баласын багып, үй-бүлөсүнө кантип жардам берип, жакырчылыктан чыгарса болот? Ушул суроонун үстүнөн иштей баштадым”,-дейт Мойдунова.

Элеттеги энелер ишкерликти 500 сом менен башташты

Кудай баарыбызды жөндөмүбүз менен жараткан эмеспи. 15 аялды окутуп, ар бир аялдын шыгына, колунан эмне келсе ошого басым жасадым.   Бири тигүүчүлүккө, чеберчиликке шыктуу келсе, кээ бири соода-сатыкка жакын жөндөмүнө карап аларга окуу тренингин өтө баштадым.

15 аялды эки топко бөлдүм. Жарымы кыздардын себин даярдаса, калганы колго кесме кесип эч кандай жасалмасы жок, табигый “Кара-Кулжа кесмеси” бренд менен базарга сатмай болушту. Кесмени даярдоодо ар бир аял 500 сомдон чогултуп, топтолгон акчага бир кап ун, суу май алышып, аны колго жууруп, кесип, кургатып базарга сатышты. Колго жайылган кесме таттуу болот эмеспи, суроо талап өсүп, кардарлардын саны заматта көбөйүп, айымдардын сүйүнгөнүн айтпа. Алар кайра эле көбүрөөк кесме чыгарганга өтүштү. Акырындык менен лагман, чүчбара даярдай баштады. Көрдүңүздөрбү 500 сом менен башталган иш канчалаган ири кирешеге айланып отурат. Ал эми тигүүчүлүк менен алектенген келиндер кыздардын себин даярдашып, тапшырык алып тигип жатышты. Учурда бул аялдар үй-бүлөсүн багып, социалдык абалын чыңдап, жашоосу ирденип калды. Мындан тышкары дары чөптөрдү кургатып, дарыканаларга өткөргөн айымдардын тобу да бар. Жеке короосуна жашылчаларды эгип, салат жасап аны базарга саткан айымдар да бар. Албетте мындай айымдарга окутуп, мотивация, берсе эле иштин көзүн таап кетишет. Азыр мага ыраазычылыгын айтып, менден кеңеш алып турушат”,-дейт ал.

Жакырчылыктан чыккан үй-бүлөлөр

Айсулуу айымдын демилгеси менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлө турак жайлуу болуп, аз камсыз болгон 5 үй-бүлө күн батерейкасы менен камсыздалып, жакырчылыктан чыгышкан.

Айыл өкмөттө иштеп турганымда Бурханбет Шеров аттуу жаранга жубайы экөө тең 1-топтогу майып болгондуктан 350 миң сомго үй салып бердик. Мындан тышкары аялдар арасындагы БУУӨП тарабынан конкурс өтүп, анда аз камсыз болгон аялдарды жакырчылыктан чыгаруу боюнча долбоор жазсам өтүп кетти. Долбоор элет жериндеги жайлоодо күн кечирген, жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Бул үй-бүлөлөр отундун, көмүрдүн тартыштыгынан кыйналып келишкен. Аларга күн нурунан электр энергиясын өндүргөн 5 батерейка менен камсыздап бердик. Натыйжада 5 үй-бүлө бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын үзгүлтүксүз алышып, ыраазычылыгын билдиришүүдө. Азыркы учрда алар жашоосун жакшыртып алышты. Мындан тышкары “Демилгелүү, ишкер аялдар” коомдук фондуна донор жазып, 4 тигүү машинасын утуп алдым. Бүгүнкү күндө ал машинаны айылдагы кыз-келиндер пайдаланып, жумуш менен камсыз болушуп, калктын муктаждыгына жараша кийим-кече даярдашууда»,-деди Мойдунова.

Айымдарга айта турган кеңешим бар

Иштейм деген адам бардык жерден эбин таап кетсе болот. Келиндерим айылда талаада кара жумушта иштебесе дагы балдарын чоңойтуп, аларга татыктуу тарбия берип, бош боло калышса Интернет аркылуу акча таап, өздөрүнүн кем каржысын өздөрү чечип жатышат. Анткени аялзаты эркектин бутуна бут, колуна кол болушу керек. Биздин үй-бүлөдө баарыбыз иштейбиз. Жолдошум дагы эмгектенет. Мен дагы иштейм. Мисалы аялдарда эркекке айта албаган көйгөйлөрү болуп калышы мүмкүн ошол учурда эркектин колун жалдырап карап турбастан өзүңдүн маселеңди, чыгымыңды өзүң чечип, балдарыңа чейин жеткирсең жолдошуңа, үй-бүлөңө кошкон чоң салым болуп жатпайбы. Учурдан пайдаланып айымдарга айтаарым. Азыр аялдарга мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Өзүңдү — өзүң каржылап, ар кандай иштер менен алек болсоң болот. Мисалы аялдар айыл жеринде деле бош отурбай тигүүчүлүк, дыйканчылык, кулинарияны өздөштүрүп деги эле колуңдан эмне келсе базар экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыңды кошсоң эмнеге болбосун? Болгону адамда каалоо, изденип, талыкпастан эмгектениш керек. Ийгилик жөн жерден келбейт эмеспи”,-деди Мойдунова.

Жыйынтыктап айтканда Айсулуу Мойдуновадай калкты жакырчылыктан чыгарууда, бош отуруп үйдө отурган аялдарга дем берип, ишкердиктин эбин табышына көмөктөшкөн айымдардын катары көбөйө берсин деген демекчибиз.

КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ