Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко жол киренин баасын 1-ноябрдан көтөрүүгө макулдук берди. Тиешелүү токтомду депутаттар бүгүнкү сессияда кабыл алды.

Токтом 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, 1-ноябрдан тарта автобус жана троллейбустар үчүн жол кире 8 сомдон 11 сомго көбөйөт.

Ал эми маршруткаларга 10 сомдон 15 сомго жогорулайт.

Мэриянын токтомуна Шаардык кеңештин депутаттарынын 33 макул, экөө каршы добуш берди, бирөө добуш берген жок.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 28-сентябрда борбордогу коомдук транспорт үчүн жол акысын көтөрүү маселесин талкуулады. Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да катышты.