Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат жана Жаштык айылдарынын ичүүчү суу көйгөйү чечилет.
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) маалыматына караганда, 2021-жылдын 27-сентябрында Лейлек районундагы Максат айылында облустагы Жаштык жана Максат айылдарында ичүүчү таза суу системасын куруу боюнча подряддык компаниялар менен айыл өкмөттөр ортосунда келишимге кол коюу иш-чарасы болуп өттү.
Курулуш жумуштары жакын арада башталып, 1 жылдын ичинде бүткөрүлөт. Натыйжада эки айылда 32 чакырым суу түтүктөрү орнотулуп, 4 миң 500 адам суу менен камсыз болот.
Бул эки айылды таза суу менен камсыз кылуу «Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашат. Долбоор жалпысынан Баткен облусунун 44 айылын камтыйт. Долбоордо таза суу кирген ар бир үйгө суу өлчөгүчтөрүн орнотуу каралган, башкача айтканда көчөлөргө суу колонкалары коюлбайт. Бул чара сууну үнөмдүү пайдаланууга шарт түзөт.
Мындан сырткары, долбоордун алкагында ичүүчү сууну тейлөө мекемеси түзүлүп анын ийгиликтүү иштеп кетишине шарт түзүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.
«Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» долбоору АРИС аркылуу Баткен, Талас жана Жалал-Абад облустарындагы 86 айылда ишке ашырылууда.
Булак: kabar.kg