Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурул Аманова кытайлык компания Кыргызстанда барит ташын мыйзамсыз казып жатканын айтып, тынчсызданды.

Анын айтымында, Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында Кытайдан келген компания кен казуу боюнча 2023-жылга чейин лицензия алышкан. Бирок, келишимди көрсөтүлгөн эрежени так сактабай жатат.

«Кытайлык компания үч тараптык келишимдин негизинде иштеп жатышат. Келишим ушул жылдын июль айында бүткөн. Бирок ага карабастан казууну улантып, 1000 тоннага чейин барит ташын чыгарып кетишкен. Алардын лицензиясында 10300 гана барит ташын казууга уруксат берилген. Бирок ага карабастан андан көп эсе казышууда. Бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү укук коргоо органдарына кайрылышкан. Бирок жооп жок. Ушуну мамлекеттик органдар көзөмөлгө алса”,-дейт Бурул Аманова.