Түндүк Корея бүгүн, 4-октябрь эртең менен дүйшөмбү күнү бардык корей аралык байланыштар калыбына келтирилерин билдирди, деп жазат Yonhap News.

30-сентябрда КЭДР лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея менен байланыш каналдарын калыбына келтирүүгө даяр экенин жарыялаган. Анын айтымында, бул чечим эки өлкөнүн учурдагы мамилесин жакшыртууга жана Корей жарым аралында тынчтык орнотууга багытталган.

Ал Сеулду дагы корей аралык мамилелерди калыбына келтирүү үчүн «позитивдүү» аракеттерди көрүүгө чакырды.

«Тиешелүү органдар, 4-октябрда эртең мененки саат 9: 00дөн баштап түндүк-түштүк байланыш линияларын калыбына келтирүүнү чечишти»,-деп билдирди Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги.

«Түштүк Кореянын бийлиги түндүк менен түштүктүн ортосундагы мамилелерди жакшыртуу үчүн жана байланыш линияларын калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн терең түшүнүп, келечекте жаркын перспективаны ачуу үчүн приоритеттүү боло турган маанилүү милдеттерди чечүү үчүн позитивдүү аракеттерди көрүшү керек», — деген КЭДР лидери.

Буга чейин Ким Чен Ындын эжеси Ким Е Чжон Сеул Пхеньянга карата «душмандык саясатынан» баш тартса, Түштүк Корея менен согушту токтотууга КЭДР даяр экенин жарыялаган.