Бишкектин көчөлөрүндө  түнкүсүн жарыктандыруу  өчүрүлбөйт. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКнын басма сөз кызматы чечимдин себептерине түшүндүрмө бербестен билдирди.

Алар белгилешкендей, оперативдүү маалымат боюнча, 3 -октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 миллиард куб метрди түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард кубометрге аз.

«Августтан бери Токтогул суу сактагычында суу ресурстарынын топтолушунун учурдагы абалы, ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы тууралуу калкка жана үй чарбалык эмес абоненттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Энергетикалык компаниялар керектөөчүлөрдү уруксат берилген кубаттуулуктун сакталышына инвентаризация жүргүзүшөт, дебиторлор өчүрүлөт. Бирок, бүгүнкү күндө көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз. Белгиленген эсептөөлөрдөн ашыкча керектөө өсүүнү улантууда », — деп билдиришти Улуттук энергохолдингден.

Компания керектөөчүлөрдү электр энергиясынын керектөөсүнө жакшы кам көрүүгө, күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгын болтурбоо үчүн жылуулуктун альтернативалуу булактарын (газ, көмүр) колдонууга чакырат.