Компания калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат. 5-октябрь күнү өлкө боюнча ченелген электр энергиясынын көлөмү 32 миллион 476 миң киловатт-саат экенине карабай 39 миллион 908 миң киловатт-саат колдонулуп кеткен.

Мекеменин маалыматына  ылайык, сентябрь айында пайдаланылган электр энергиясы нормадан 890 миллион киловатт-саатка ашып кеткен.

«Токтогул суу сактагычында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз. Зарыл болбогон учурда электр жабдууларын иштетпей эле коюу туура болот”, — деди компаниянын директору Жолдошбек Ачикеев.

Эске салсак, буга чейин Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктар электр энергиясына берилген чектен ашып кетип жатканын айтып, бул кышкысын жарык менен камсыздоо иштерине тоскоолдук жаратарын кошумчалаган.