Бишкек шаарында Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «АгроТехЭкспо-2021» айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү өтөт. Бул туралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомствонун маалыматына караганда, аны менен катар «Алтын күз» аталыштагы айыл чарба жарманкеси дагы өткөрүлмөчкү.

«Иш-чарага 200дөн ашуун алдыңкы кыргыз жана чет элдик компаниялар катышат. Анда айыл чарба техникасы, асыл тукум мал-жандыктар, мал чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү жана башкалар көрсөтүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик бардык каалоочуларды көргөзмөгө жана жарманкеге активдүү катышууга чакырат. Иш-чара 23-24-25-октябть күндөрү Бишкек шаарынын Т.Усубалиев атындагы аянтта өтөт.