Коом

Укук коргоо органдары Кара-Балтада баланын жерге ыргытылган видеосу боюнча жооп беришти

Укук коргоо органдары интернетте баланын жерге ыргытылган видеосу боюнча жооп беришти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, видеого балдары менен бараткан белгисиз аял алардын бирин — колунда көтөрүп жүргөнүн таштап же ыргытып жиберген учур тартылган.

Бул факт ЕРППге Кодекстин «Үй -бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча катталган  тартип бузуу, деди милиция.

Укук коргоочулар баары ушул жылдын 5-октябрында Кара-Балтада болгонун тастыкташты. Аялдын өздүгү такталды, ал жергиликтүү тургун болуп чыкты-төрт жаш баланын энеси 31 жаштагы Н.Г. Анын айтымында, бул балдар менен кечки сейилдөө учурунда болгон.

Азыр окуянын бардык жагдайлары такталууда. Соттук -медициналык экспертиза дайындалды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button