Түндүкэлектр ишканасы 3 фазалуу абоненттерге электр энергиясын берүү токтотулат деген кепти төгүндөдү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме  калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, электр энергиясын үйдү жылытууга эмес, жарыктандырууга колдонуусун суранат.

«Урматтуу абоненттер!

Акыркы күндөрү «3 фазалуу абоненттерге электр энергиясын берүү токтотулат» деген кептер тарады. Бул сөздөр чындыкка дал келбейт жана ишкананын кызматкерлери мындай иш-чара өткөргөн жок!

Ишкана керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, электр энергиясын үйдү жылытууга эмес, жарыктандырууга колдонуусун, ал эми үйдү жылытууга башка альтернативдик ресурстарды колдонууну суранат.

Андан тышкары, 3 фазалуу электр тогу менен үйдү жылытууга уруксаты жок абоненттердин жылытуучу электр кабылдагычтарына пломба коюлат.

Түшүнүү менен кабыл алганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.