Канаданын Голден шаарында метеорит жеке үйдүн чатырын тешип өтүп, уктап жаткан аялдын башынан бир нече сантиметр алыстыкта ​​жаздыкка кулады, деп жазат Daily Mail.

Аял жаздыктын үстүндөгү ташты жана көчөдөгү чаңды көргөнүн, бетине тийген соккунун үнүнөн ойгонгонун айтат. Бактыга жараша ал өзү жабыркаган эмес.

Аял куткаруу кызматына чалып, жакын жерде жардыруу иштери жүрүп жаткандыгын билүүгө аракет кылган. Көрсө, метеорит мурунку түнү анын үйүнөн 80 чакырым чыгышта Луиза көлүнүн үстүндө байкалган метеордук таштын бир бөлүгү болуп чыккан.