2021-жылдын 12-октябрында Нур-Султан шаарында АӨИЧК тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусунун аянтчасында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин эл аралык кызматташуу боюнча Казакстандын президентинин атайын өкүлү Ержан Казыханов менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак өз ара аракеттенүүлөрүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыда боло турган эки тараптуу тышкы саясий иш-чаралар боюнча сааттарын тууралашты. Ошондой эле көп тараптуу аянтчанын алкагында эл аралык жана региондук күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашты.

Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик сапарларынын жыйынтыктары боюнча жетишилген келишимдерди, ушул жылы боло турган Өкмөттөр аралык кеңештин эки тараптуу 9-жыйналышын тез аранын ичинде иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти, биримдиктин жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан аркы өз ара аракеттенүүлөргө даяр экендиктерин билдиришти.