Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) башкы директору Бактияр Алиев кызматтан кетти. Бул тууралуу корпорациянын Байкоочу кеңеши тастыктады.
Алиев башка кызматка өтүп жатканы кабарланды. Ал бул кызматка 2020-жылы декабрда шайланган.
Башкы директордун отставкасын Байкоочу кеңештин мүчөлөрү кабыл алып, анын милдетин аткарууга Кайрат Иманалиевдин талапкерлиги сунушталды.
Кайрат Иманалиев алгачкы эмгек жолун ушул корпорациянын «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы болуу менен баштаган. 2018-жылы КТРКнын радиоуктуруу тармагы боюнча башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.
2019-жылы Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалган. 2021-жылы февраль айынан октябрь айына чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп иштеди.
Өмүр баяны
Кайрат Иманалиев 1977-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.
1998-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
2000-жылы ушул эле университеттин магистратурасын аяктаган.
2009-2012-жылдары Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
1999-2004-жылдары — Кыргыз улуттук телерадио берүү корпорациясынын «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы;
2004-2009-жылдары — ушул эле «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында башкы редактор;
2009-2011-жылдары — Кыргыз радиосунда башкы редактордун орун басары;
2007-2019-жылдары — Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин доценти;
2009- 2012-жылдары — ушул эле университеттин журналистика кафедрасынын башчысы;
2011-2018-жылдары — Коомдук телерадио берүү корпорациясында башкы директордун орун басары;
2018-2019-жылдары — Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын вице-президенти;
2018-жылдан баштап азыркы учурга чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде доцент;
2019-2021-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматын аркалаган.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург. Илимий даражасы: Доцент.