Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 15-октябрь түнү саат 04:50  чамасында  телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Анда Манас районунун Чоң-Капка айылынын ичинде түндүк тарабынын түштүктү көздөй баратканда жолдун сол жак бетинде азиат улутундагы эркек адамдын жансыз денеси жатканын айткан.

Тергөө-ыкчам тобу барганда, 15-октябрь  түнү саат болжолу менен 04:30 чамаларында  Манас районунун Чоң-Капка айылынын ичинде “Гребень Плотина” автожолунун 6,5 чакырымынан жолдун чыгыш жак бетинде азиат улутундагы эркек адамдын жансыз денеси жатканы аныкталган.

Адамдын жансыз денесине кароо жүргүзгөн учурда башынан катуу жаракат алгандыгы аныкталган. Окуя болгон жерде белгисиз автоунанын дөңгөлөгүнүн ийизи калганы байкалган. Каза болгон жаран жашы жете элек 2007-жылы туулган Р. И. экендиги жана ал   Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан “Рахманбердиев” атындагы орто мектебинин 8  классынын окуучусу экени такталган.

Жансыз дененин жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кара-Буура районунун СМЭ бюросуна тапшырылган. Аталган факты Манас РИИБнүн КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 297-беренеси жазык иши козголуп, тергоо жана иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошол замат  “Перехват” планы киргизилип жол кырсыгын жасаган автоунааны издөөгө баардык  күч аракеттер  жумшалууда. Аталган жол кырсыгына себеп болгон унааны издеп табуу максатында Талас ОИИБнин кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн  кызматкерлери толугу менен тартылды.

Талас ОИИБи жарандарга кайрылат:

Аталган жол кырсыгына тиешеси бар кандайдыр бир маалымат болсо Талас ОИИБнин  төмөндөгү телефондоруна чалууңуздарды суранат:  102,

1)  0701 38 38 79

2)  0500 34 91 91

3)  0755 102 108

Анонимдүүлүк сакталат. Жаш өспүрүмдү унаа менен сүзүп качып кеткен жаранды аныктоодо кызматташкан жарандарга Талас ОИИБи алдын ала ыраазычылык билдирет. Себеби кылмыш жасаган адам өз жазасын алыш керек. Бала  баарыбызда бар!

 

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы