Россияда ковид жуктуруп алгандардын расмий саны 34 миң адамдан ашып, миндей бейтап каза болгон.  Өлкөнүн ири шаарлары менен аймактарында ооруканаларда орундардын жетишсиздиги байкалууда. Саратов облусунда вируска чалдыккандардын саны үч жума катары менен өсүүдө.

Аталган аймакта ооруканалар коронавирус менен ооругандарга толуп калды. Россияда коронавирустун тез жайылып жатышы эмдөө ыргагынын жай жүрүп жатканы менен байланыштуу деп айтылууда.  Абал курчуп жатканынан улам учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаңы чектөөлөр киргизиле баштады.