Күйүүчү майдын баасын ички рынокто мындан ары кармап туруу аракеттери бардык май куюу жайларынын жабылышына себеп болот. Бул тууралуу абалга тынчсызданган Нефтетрейдерлер ассоциациясынан маалымдады.

Маалымдалгандай, октябрь айынын башында Россиянын нефть иштетүүчү компанияларында күйүүчү майдын тоннасы 100 долларга кымбаттады. Буга эки фактор себеп болду. Биринчиси — товардын тартыштыгы, экинчиси — ага болгон суроо-талаптын өсүшү. Ошол эле учурда эки ири завод оңдоо иштерине жабылган.

“Октябрда баалардын кескин өсүп кетиши республиканын аймактарында 40тан ашык май куюучу жайдын иш токтотуусун шарттады. Бааны ички рынокто мындан ары кармап туруу аракеттери бардык май куюу жайларынын жабылышына себеп болот. Бүгүнкү күндө бензиндин бир литринин өздүк наркы сатылып жаткан баасынан 8,9 сомго кымбат”, — деп айтылат ассоциациянын билдирүүсүндө.

Адистер жылдын аягына чейин бааны октябрдагы деңгээлинде кармап турууга салык системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү гана жардам бере аларын айтышууда.