«Кыргызстанда кышкы убакта электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт, бирок үнөмдөө керек», — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкесинин салтанаттуу ачылышында.

Анын айтымында, азыркы учурда кошумча 1,5 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, мындан мурда Кыргызстан Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан электр энергиясын сатып алып жатканы айтылган.