Коом

Бишкекте балдар үчүн дагы бир стационар ачылды

Шаардык кургак учуктун алдын алуу жана реабилитациялоо балдар борборунун базасында ОРВИ жана пневмония менен ооруган балдарды жаткыруу жана дарылоо үчүн кошумча убактылуу стационар  ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаардык тез жардам медициналык клиникалык балдар клиникалык ооруканасын жана Эне менен баланы коргоо улуттук борборунун жумушун жеңилдетүү  максатында кабыл алынган.

«Оорунун орточо оордугу бар балдар убактылуу ооруканага жөнөтүлөт», — деп белгилешти ведомстводон.

Эске салсак, буга чейин Республикалык диагностикалык борбордун базасында курч респиратордук вирустук инфекциялар жана пневмониясы бар балдарды кабыл алуу үчүн кошумча керебеттер коюлган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button