Мындан ары Кыргызстан өлкөдөгү кен байлыктарды өзү иштетет. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Кыргызгеология» улуттук ишканасы түзүлдү.

«Өлкө мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен кендерди өз алдынча иштетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү алды. Мындан ары биз бардык алтын кендерин жана башка кен байлыктарды өзүбүз иштетебиз. Ошондой эле бардык рекультивациялык каражаттар мамлекеттик банктарда болот”, — деди президент.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.