Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле, Дастан Догоевдин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынат.