Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Калматов Анарбек Баратович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалды жана ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.