Гарварддын окумуштуулары эртең мененки тамакка эң пайдалуу үч боткону атады. Жаңы изилдөөлөр боюнча зыгыр боткосу биринчи, гречка экинчи, сулу үчүнчү орунга чыкты.

Орус диетологдорунун айтымында, зыгыр Омега-3 камтыган жападан жалгыз өсүмдүк продуктусу. Ал кандын илешкектүүлүгүн азайтат, кан тамырлар жана кан айлануу үчүн пайдалуу.

Ошондой эле, адистердин айтымында, зыгыр боткосу, антиоксиданттык касиетке ээ жана жаштыкты узартууга жардам берет.