Бүгүн, 30-октябрда парламенттик шайлоого саясий партияларыдын бюллетендеги номерлери аныкталды. Номерлер чүчүкулак аркылуу тандалды. Чүчүкулакка жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.

Ага ылайык:

1.  «Ата Мекен» партиясы,

2. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы,

3.  «Альянс»,

4. «Легалайз»,

5. «Ыйман Нуру»,

6. «Күчтүү регион»,

7. «Ордо»,

8. «Ынтымак»,

9. «Ишеним»,

10.  «Азаттык»,

12.  «Жашылдар»,

13.  «Жашасын Кыргызстан»,

14.  «Социал-демократтар»,

16. «Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы»,

17.  «Улуттар биримдиги»,

18. «Эл үмүтү»,

20. «Улуу-Журт»,

21. «Ата-Журт Кыргызстан»,

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Үгүт иштери 29-октябрдан башталып, 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат.