Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев райондук администрацияларда жашоо-шартын жакшыртууга муктаж каттоодо турган балдар үйүнүн 6 бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады.
Иш-чарага Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова катышты. Батирлер төмөнкүлөргө берилди:
- Ю.Емельянов — Краснореченская атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын тарбиялануучусу;
- И.Байбосунов;
- Н.Джекшенов — Краснореченская атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын тарбиялануучусу;
- У.Нукеш;
- Ж.Эркинбекова;
- Б.Атанов.