Үгүт учурунда төмөнкү критерийлер мыйзам бузуу болуп саналат.

  1. Жаш балдарды колдонууга болбойт.
  2. Кайрымдуулук иш чара жана аны пропаганда кылганга болбойт.

Бир мандаттуу Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Примов мыйзам бузуп жатат. Өткөн жылы, форма-2 менен Алайга лөлүлөрдү ташып, жыйынтыгында эл нааразы болгон. Ошол эле адамдар быйыл дагы шайлоого катышып,  мыйзам бузууда.

Президент Садыр Жапаров таза шайлоо өткөрөлү деп жатат, булар мыйзам бузуу менен үгүт жүргүзүүдө. Ушундай фактылар кайра элдин кыйырына тийип, нааразылык жаратат. Мыйзам эрежелерин бузгандар тизмеден четтетүүлүсү керек.

Видеону Улан Примов ээлик «Ош Прим» телеканалынын директору таратып жатат.

 

Булак: “Чындык.KG”