Саясат

Өмүрбек Текебаев: “Мен Садыр Жапаровдун оппоненти, ага оппозиция болгонума карабастан, Глазгого барган сапарын колдойм”

Кечээ Садыр Жапаров Глазгого  учуп барып келди.

Аны жеке самолёт менен учту деп сындап жатышат. Бирок, барганы туура эле болду. Дүйнөнү климаттык өзгөрүү күтүп турат. Күн ысыса климат өзгөрөт.

Биздин тоолорубузга суу келбей да калышы мүмкүн. Гүлдөп турган жерлер чөл болот. Чөл болуп турган жерлер оазис болуп кетиши мүмкүн 50-жылга чейин.

50-жылга чейин 30 эле жыл калды. Көмүрдү, бензинди күйгүзө берип, көмүр кычкыл газы парник эффектиси болуп, климатыбыз өзгөрүп жатты.

Эми ошону токтотушубуз керек деп барып келди. Токтотсок болмок. Бирок, Кыргызстанда кыш суук болот.

Электр энергиябыз жетпейт. Көмүр жагууга туура келип жатат. Көмүр жакпасын десеңер бизге ГЭС курганга 7 миллиард доллар  бергиле деп сурап келди. Анысы туура. Бай өлкөлөр кедей өлкөлөр менен бөлүшүшү керек.

Анткени, атмосфераны кедей өлкөлөр көп булгайт. Кышында үшүбөйүн деп көмүрүн, тезегин жагышат. Ишканаларын иштетишет. Мен  Садыр Жапаровдун оппоненти ага оппозиция болгонума карабастан, бул демилгесин колдойм.

Өзүбүздүн айылдын майда барат ишин эмес, планетардык масштабды ойлонушубуз керек. Чоң проекттерди курганга умтулушубуз керек.

Адамзат, планета, үй.

Жер планетасын сактап калабыз, 30-50 жылда келип кала турган акыр замандан кантип кутулабыз деген жерде Кыргызстан кедей мамлекет болсо да үнү бийик- бийик чыгып турушу керек.

Кедей болсоң да, Акылың тунук, сунушуң орундуу болсо, дүйнөлүк коомчулук угат. Жапаровдон кийинки президент да дүйнөлүк бардык уюмдарда ушундай активдүү позицияга ээ болушу  керек. Мисалы, мен бул жагын колдодум. Азамат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button