Бишкек шаарындагы оңдолуп, түздөлүүдөн кийин ишке кирген “Дыйкан базарында” жаңы жылга чейин күн сайын айыл чарба азыктары жана жержемиштер арзан баада сатылып, атайын жарманке өтөт. Бул тууралуу аталган базардын администрациясы кабарлады.

“Дыйкан базарында” айыл чарба жана жер жемиш, азык-түлүк, сүт, эт азыктарын дүңүнөн жана чекене баада сатып алса болот.

Эскерте кетсек, бул базар оңдоо-түздөө иштеринен кийин соодагер, сатып алуучу кардарлар үчүн баардык жакшы шарттар түзүлгөн. “Азыркы тапта базарда соода иштерин жасайм деген соодагерлерге бекер орундуктар берилүүдө. Орундар чектелүү, шашылыңыздар!” -деп айтылат маалыматта.

Дареги: Бишкек шаары, Фучик-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде, Товарная №1 көчөсүндө жайгашкан. Сурап билүү телефондору: 0700558593, 0555956338.