Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Каракол шаарына китепкана курууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган сумма 31 миллион 18 миң 102 сом, тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 26-ноябрга чейин.
Курулушту аяктоонун мөөнөтү 2022-жылдын 1-августуна чейин деп жазылат.