Улугбек Мусатегин — активист: «Он жылдан бери колективдүү башкаруу деп 120 депутат диплому жок туугандарыңарды, тааныш билиштериңерди кызматка коюп жүрбөдүңөрбү». Омурбек Текебаевге жооп!

Эл алдында сүйлөп жатып, коллективдүү башкарууну жок кылып, бир адамдын бийлигин орнотту деп азыркы бийликти сындадың.

Акыркы 10 жылда сенин жамааттык башкарууң өлкөнү сазга батырып, мамлекетти жок кылуу чегине жеткиргениңди эмнеге мойнуңа албайсың?

Кудай жалгап революция болуп кетип өлкөбүз сакталып калды.

Он жылдан бери колективдүү башкаруу деп 120 депутат диплому жок туугандарыңарды, тааныш билиштериңерди кызматка коюп жүрбөдүңөрбү. Андан калса министрлердин, орун басарлардын, губернатор, акимдердин, жада калса айыл өкмөттөрдүн кызмат орундарын акчага сатпадыңарбы. Азыр ошолордун баары тирүү. Тастыктап беришет. Айрымдары дагы деле кызматта.

Сен партиялык бизнесиңден ажырап калып ичиң күйүп атат. Аны көпчүлүк эл жакшы эле түшүнүп турабыз. Анча мынча түшүнүгү жок жарандарыбыз эле аңдабай жатпаса. Мындан ары сенин бизнесиң өлдү. Эсил кайран деп коштошуп коё бер. Азыр депутаттардын жарымы партия аркылуу шайланганы менен партиянын ичинен конкреттүү бир талапкерге добуш берилет. Мурдакыдай биринчи ондуктун ар бирин миллион долларга сатып байыйм деген ниетиңди таш капты. Бүгүнкү бийлик чынын айтканда шайлоо мыйзамын акылдуу жасады. Элдин тандоосуна койду. Эл добуш берген талапкер депутат болуп келет. Добуш албасаң өтпөйсүң. Текебаев, ты уже никто!

өкмөт эки жолу, Бишкек шаарынын Мэри беш жолу алмашты деп, бүгүнкү бийликти сындадыңыз.

Азыркы система боюнча чиновниктер иштей албай же өздөрү коррупция менен алектенип кетишсе, керек болсо он жолу алмашышат. Мурда так ошол сиз түзгөн, мамлекетти сазга батырган системада ичкич жегич болсо да чиновниктерди фракциянын квотасы менен келген деп, депутаттардан коркуп, президент да, премьер министр да алмаштыра алчу эмес. Ал эми азыркы система боюнча бир мүнөттө алмаштырат. Бул деген сөз иштей албасаң, татыксыз же коррупционер болсоң мамлекеттик кызматта сага орун жок деген сөз. Так что, кадрлар күн сайын алмашып кетсе дагы таң калбай эле койгула. Көч бара бара түзөлөт дейт.

Бүгүнкү күнү коллективдүү башкарууга биздин саясатчылар да, эл да даяр эмес экенин он жылдык убакыт жана практика өзү көрсөттү.