Фейсбук колдонуучусу Кайырбюбю Абдыкадырова «Кумтөр» боюнча жооп  жазды.

«Кумтөр» боюнча жооп.

Кумтөрдү тупой өкмөт тупо эле алып койду. Алар эл аралык компания, эл аралык сотко берсе биз утулабыз, ит эле болобуз деп, жүрөгүңүздөн «от души» каалап жаткан оюңузду эл алдында айтып салдыңыз.

Сиздин ичиңиз тар экенин, койдун бир тал коргоолу айланбасын мурда эле билчубуз, бирок ушунчалык тар экенин эми билдик. Макул эл аралык соттон утулуп калдык дейли. Трагедия болобу? Утулуп калсак алар тартып алгыдай чет өлкөдө керек болсо бомж жашагыдай чатырыбыз жок да.

Жоок, биз утулбайбыз. Утабыз.

Кумтөргө 30 жыл дегенде араң өзүбүз ээ болдук. Буга чейин канча саясатчылар Кумтөр өзүбүзгө иштеш керек деп сайрап келишти. Сен бир да жолу Кумтөр боюнча ооз ачкан жоксуң. Ооз ачкан болсоң мына мен баланчанчы жылы ушундай дегем деп алып чыкчы. Көрөлү биз деле. Жок да. Кумтөр бүгүн эл үчүн иштеп жатат. Ошонун эсебинен пенси, жөлөк пул, эмгек акылар көтөрүлүп жатат. Армиябыз күчтөнүп жатат. Бюджетибиз профицит менен чыгы баштады. Же ошону көрө албай ичиң тарып өлүп бара жатасыңбы? Кумтөр 100 пайыз Кыргыз элине өттү. Туз жала эми», — деп жазат ал.