Айыл чарба азыктарын экспорттоодогу коррупция фактысы боюнча 100 млн сом кайтарылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, КР УКМК ЕАЭБ өлкөлөрүнө мекендик айыл чарба азыктарын ташуудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Мурда маалымдалгандай, КР Айыл чарба министрлигинин айрым кызмат адамдары жеке бизнес өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктарды экспорттоого уруксат кагаздарын каттоо үчүн экспорттоочулардан мажбурлоо жолу менен акча чогултуп, мыйзамсыз киреше алуу боюнча туруктуу канал уюштурушкан.

Буга байланыштуу КР Айыл чарба министрлигинин ведомствосунун башчысынын орун басарларынын жана өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин деңгээлиндеги кызмат адамдары жеке менчик ишканалардын биринин ээси С.Э. менен бирдикте кармалып, сот жообуна тартылышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым ишканалардын салык төлөөдөн качкан фактылары да аныкталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү С.Э. келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 100 млн сом салган, келтирилген зыяндын толук көлөмү текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет. Муну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасына өзгөрттү.

УКМК бул кылмыш иши боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана ушул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ишин улантууда.