Улуттук илимдер академиясынын бухгалтердик бөлүмү күйүп кетти.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өрт Ленин районунун Чүй проспектисинде жайгашкан Кыргыз энциклопедиясынын редакциясынын бухгалтериясынын 3-кабатында чыкканы такталды.
Өрт тууралуу маалымат 15-ноябрда саат 10.49да келип түшкөн.
Өрт саат 11.14тө локализацияланып, саат 11.41де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды.
Учурда өрттүн себеби такталууда.