Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев учурда УКМКнын Бишкектеги башкармалыгында сурак берүүдө. Бул тууралуу ал өзүнүн  Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

«УКМК мага иш козгогусу келип жатат, эч ким арызданган да, арыз да жазган эмес. Бул — атайын кызматтын өзүнүн демилгеси. Учурда мен УКМКнын Бишкек башкармалыгында (Киев көчөсү, 74) күбө катары сурак берип жатам. Эмне башталды?» — деген Бекешов.

Эске салсак, Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкек шаарындагы №28 Октябрь округунан талапкерлигин койгон.