Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында КамАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон. Алардын үчөө эркек, төртөө аял, ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган.

“Жерине Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Учурда жеринде КР ӨК министринин орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы п-к Н.Шаматов абалды көзөмөлгө алууда”, — деп айтылат маалыматта.