Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атын пайдалангандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, бул өзгөчө КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге тиешелүү.

«Бардык жарандар өлкө президенти шайлоону ачык-айкын, таза өткөрүү үчүн чечкиндүү реформаларга барып жаткандыгына күбө болушууда. Садыр Жапаров шайлоо процессин ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн болуп көрбөгөндөй чараларды көрүп жатат.

Ошондуктан, биз бардык жарандарды, мамлекеттик органдардын жана башка бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүн Мамлекет башчысынын атын кыянаттык менен пайдалануу фактылары болсо, токтоосуз түрдө билдирүүгө чакырабыз.

Өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен кандайдыр бир байланыштарына жамынган талапкерлер тууралуу жана аларга тийиштүү чараларды көрүү үчүн тез арада укук коргоо органдарына билдирүүңүздөрдү суранабыз», — деп билдирди Эрбол Султанбаев.