«Укук тартип» профилактикалык иш-чарасынын алкагында, Каракол ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарым өкүлү Айбек Токушев жана Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясынын тескөөчүсү Улан Бекишев 18-ноябрдан 19-ноябрга караган түнү шаардын борбордук базарынын жанында кызмат өтөп жатышкан.

Күзөт иштерин жүргүзүп жаткан мезгилде, болжол менен түнкү саат 02.00 чамаларында, алар «Келечек Академиясы» балдар мекемесинин чатырынан алоолонуп жаткан өрттү байкашат.

Бир мүнөттү да текке кетирбей, милиционерлер окуя жөнүндө милиция бөлүмүнө жана өрт өчүрүү кызматына кабарлашат. Андан кийин, мекеменин тосмосунан секирип өтүшүп, өрттү өчүрүүгө жана өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн келишине жолду тазалоого аракет көрүшөт. Өз учурунда чакырууга келе калышкан ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын куткаруучулары, орун алган өрттү тезинен четтетүүгө үлгүрүшкөн.

Жарандардын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок болгонуна ынанган милиция кызматкерлери кайтадан өз  милдеттерин аткарууга киришкен. Тартип сакчыларынын кыраакылыгынан улам, чоӊ өрттүн чыгышына жана адамдардын кырсыка учурашына жол берилген жок.

 

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы