Коом

Майыптыгы бар өзгөчө балдардын апалары президентке ыраазычылык билдирди

 Майыптыгы бар өзгөчө балдардын апалары президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти. Маалым болгондой, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын Балалык” балдардын реаблитациялык борбору балдарды кабыл алып баштады.

Аталган борборго барган апалар, азырынча борбор 10 дон гана бейтаптарды кабыл алып жатканын, жана эне менен балага түзүлгөн шарттарга ыраазычылыгын айтышты. Учурда борбордо  неврология бөлүмү гана иштеп, балдарга парафин, физиолечение, ЛФК жана массаж жасалууда.

Эске салсак, мамлекет башчысы  30-октябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында комплекстин ишмердиги менен таанышып, медициналык имаратты жана палаталарды, курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыккан.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымдагандай, комплекс өлкөнүн алыскы аймактарынан келген балдардын жана энелердин, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкталган.

Буга чейин каражаттын тартыштыгынан улам комплекс бүтпөй калганы маалымдалган.

Октябрь айында балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафону жарыяланган. Марафондун жыйынтыгында 30 миллион 90 миң сом чогултулду жана комплекстин курулуш иштерин тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button