Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президентти Руслан Кыдырмышев инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Шевченко 21-ноябрда саат 06:00дөр чамасында Бишкектеги “Манас 2” эл аралык аэропортуна келип конот.

Ал эми 22-ноябрда саат 14:00дө “Novotel” мейманканасында маалымат жыйын өтөт. Ал эми  саат 16:00дө “Аю гранд” соода борборунда күйөрмандар менен жолугушат.