Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) Президенти Рустам Миннихановдун эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында 2017-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Татарстан Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык жаатта кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планына кол коюлду.

Алар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстан тараптан Иш-чаралар планына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Татарстан тараптан Премьер-министрдин орун басары – өнөр жай жана соода министри Альберт Каримов кол коюшту.

Аталган документте негизги макулдашуулар бекитилип, биргелешкен соода-экономикалык, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча узак мөөнөттүү милдеттер аныкталган жана ошондой эле айыл чарба, өнөр жай, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана байланышты өнүктүрүү, медицина, саламаттыкты сактоо тармагында жана башка секторлордо кызматташуу каралган.