2021-жылдын 18-ноябрь күнү Россия Федерациясынын  укук коргоо органдары Москва шаарында  уруксат берилбеген акцияларды уюштуруп,  коомдук тартипти бузган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташтарын кармаган.

Россиянын ички иштер органдарынын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган  “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ондогон тарапташтары партиялардын атрибуттары менен жөө жүрүш уюштуруп, саясий ураандарды кыйкырып, коомдук тартипти  бузушкан. Ошондой эле, алар жолдун жээгинде транспорт каражаттарынын жүрүшүнө тоскоолдук жаратканына байланыштуу Москва шаарынын тынчсызданган тургундары тиешелүү чараларды көрүү үчүн Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча бөлүмүнө бир нече кайрылууларды жөнөтүшкөн.

Аталган факты боюнча акциянын уюштуруучусу Э.Бекиевге карата Россия Федерациясынын ИИМнин Москва шаарынын Свиблово району боюнча бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнундө кодексинин 20-2-беренесинин  3-бөлүгүнө (Жыйналышты, митингди, демонстрацияны, жүрүштөрдү же пикеттерди уюштуруунун же өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу) ылайык административдик материал түзүлгөн.

Калган катышуучуларга карата Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 20.2-беренесинин 4.6.1-пунктуна ылайык административдик материалдар түзүлдү. Ошондой эле, кармалгандардын ичинен Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын бузган 3 адам аныкталып, аларга карата Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 18.8-беренесинин 3-бөлүгүнө (Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Россия Федерациясына кирүү эрежелерин же Россия Федерациясында жүрүү  (жашоо) режимин бузуусу). ылайык административдик материалдар түзүлдү.

Москва шаарынын райондук сотунун 2021-жылдын 18-ноябрындагы чечими менен Кыргызстандын 7 жараны 10 күнгө камакка алуу түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылды. Андан сырткары, ушул эле сот тарабынан акциянын дагы 7 катышуучусуна 20 миң рубль өлчөмүндө   административдик айып салынды.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз акциянын уюштуруучусу Э.Бекиев коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 15 күнгө камакка алынды.

Кармалгандардын тезмеси:

  1. Бекиев Эмил Маликович, 27.04.1984-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын тургуну, Россия Федерациясынын жараны;
  2. Ажиев Сыргабай Эргешович, 15.06.1958-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын тургуну, Россия Федерациясынын жараны;
  3. Примбердиев Замирбек Исламбекович, 02.01.1984-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын тургуну, Россия Федерациясынын жараны;
  4. Мамытова Сайкал Дурусбековна, 17.12.1983-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;
  5. Бердишев Уланбек, 19.03.1989-ж.т., Кыргыз Республикасынын жараны;
  6. Умаров Жеңишбек Мамытович, 07.05.1976-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;
  7. Абдимиталил уулу Исхак, 22.06.1993-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;
  8. Жусупова Сапия Абдымомуновна, 10.12.1988-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;
  9. Сулайманов Акжол Таалайбекович, 15.09.1986-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;
  10. Калмаматов Айбек Асанбаевич, 07.11.1983-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;
  11. Бодоев Кутманбек, 27.01.1978-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;
  12. Мурзакулова Өктөм, 18.09.1979-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;
  13. Алибеков Эдилбек Сулайманович, 20.05.1992-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны;
  14. Үсөнов Алтынбек, 28.01.1975-жылы туулган, Россия Федерациясынын жараны.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы