Акыркы жылдар коронавирус пандемиясынан улам өлкө үчүн оор болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

«2020-жылы ИДПнын  (Ички дүң продукция) деңгээли 8,6%га төмөндөдү, бул көп жылдардан бери биринчи жолу. Мындай төмөндөө акыркы жолу 1994-жылы байкалган», — деди ал.

Анын айтымында, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөөсү бардык тармактарда, айрым тармактарда 40%га төмөндөгөн.

«2020-жылдын аягында республикалык бюджетке 14 миллиард сомго аз түшкөн. 2019-жылга салыштырмалуу түз чет элдик инвестициянын агымы 50%га кыскарса, инвестициянын агылып чыгышы 1,4 эсеге, же 401 млн долларга көбөйдү», — деди ал.

Мамлекет башчысы 2020-жылдын биринчи жарымы чындыгында Кыргызстан үчүн оор болгонун айтты.

«Азыр биз өсүштү көрүп жатабыз. 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДПнын өсүшү 1,6%ды түздү, инвестициянын агымы эки эсеге көбөйдү, инвестициянын агылып чыгышы 9,2%га кыскарды», — деди ал.

Анын айтымында, тышкы сооданын көлөмү 5 миллиард долларды түздү же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20%дан ашты.