Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселесин кароонун жүрүшүндө энергетика министри Доскул Бекмурзавеге сөгүш жарыялады.

Мамлекет башчысы Энергетика министрлигинин жетекчиси көмүр менен камсыздоодо жаралган көйгөйлөрдү өз убагында чече албай, тактап айтканда көмүр сатууда кымгууттукка жана кызылкулактыкка  жол берилгенин билдирди.

«Январдан бери «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын үч жетекчиси алмашты. Бишкекке арзандатылган көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча бардык шарттар түзүлгөн. Сиздин кол алдыңардагылар саботаж жана коррупцияга жол беришти.   Сиз муну көзөмөлдөй алган жоксуз», — деп кайрылды Садыр Жапаров  Доскул Бекмурзаевге.

Калкты көмүр  менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаалга жана маселенин өз убагында чечилбегенине байланыштуу ал энергетика министри Доскул Бекмурзаевге сөгүш жарыялады.

«Ведомствонун ишин сиз мындан ары дагы уюштура албасаңыз, кийинкисинде сизге катуу сөгүш брилет», — деди Президент Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжановду жана ишкананын коммерциялык директору Тимур Чокморовду ээлеген кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды.