Ага ылайык, добуш берүүдөн 24 саат мурун, тагыраак айтканда, 27-ноябрь саат 8:00дөн баштап талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт. Бул күнү (шайлоого 24 саат калганда) саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет-сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт. Көчөлөргө илинген баннерлер да алынышы шарт.

Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүүдөн бир күн мурун саат 18:00дө токтотулат.

Мыйзамга каршы үгүт иштери жүргүзүлгөн учур катталса тиешелүү чаралар колдонулат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат.